Эл каттоо 2020 онлайн

Фев. 28, 2020

Улутстатком 2019-жылдын сентябрынан тартып социалдык тармактарда  “Эл каттоо 2020” расмий баракчалары аркылуу Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө маалыматтарды жайгаштырып баштайт.

Биздин хештегдер:  #ЭлКаттоо2020, #ПереписьвКР2020

2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин биздин өлкөбүздө эл жана турак жай фондун каттоо өткөрүлөт. Бул улуттук масштабдагы окуя болуп саналат жана азыркы ага даярдыктар толук кандуу жүрүп жатат. Биздин баракчалардан сиз бул иш-чаранын этаптары жана нюанстары тууралу маалыматтарды таба аласыздар. Бул баракчаларда эл каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү тууралу иштер толук чагылдырылып турат, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган бардык чечимдер жөнүндө толук маалымат басылып чыгат. Сиздер эл каттоону өткөрүү боюнча   техникалык жактан даярдыктар тууралуу, иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалыматтарды ыкчам биле аласыз жана сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп алсаңыздар болот.

Маалыматтык кампания Россия Федерациясынын финансылык колдоосунун алдында Кыргыз Республикасында Калк жайгашуусу жаатында БУУ Фонду тарабынан ишке ашырыла турган “Кыргызстат: Калк статистикасын жүргүзүү, талдоо жана жайылтуу үчүн  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн жана колдоого алынган.