2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо мөөнөтү жылдырылды

Апрель 17, 2020


Улутстатком 2020-жылы белгиленген Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоону белгисиз мөөнөткө жылдырды. Буга чейин COVID-19 коронавирусунун таралышына байланыштуу, Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал тартибин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоонун өткөрүү 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин белгиленген. Бирок, COVID-19 коронавирусунун таралышына байланыштуу, 2020-жылдын 19-мартында эл каттоонун жараянынын расмий мөөнөтүн ушул жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде өткөрүү чечими кабыл алынган.