Улутстатком Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү алкагындажергиликтүү өүн өзү башкаруу органдары өкүлдөрү менен бир катар жыйындарды өткөрдү

Улутстатком Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү алкагындажергиликтүү өүн өзү башкаруу органдары өкүлдөрү менен бир катар жыйындарды өткөрдү

Дек. 21, 2021

Келерки жылдын март айында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү максатында Улуттук статистикалык комитет президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, калкты каттоого даярдоо боюнча штабдардын жетекчилеринин, ошондой эле райондордун акимдеринин орун басарларынын, шаарлардын вице - мэрлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар көчмө жыйындарды уюштурду.

Анын алкагында 2021-жылдын 17-декабрында КР Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө З.Жумалиев мамлекеттик гана эмес, эл аралык мааниге ээ болгон, өлкө үчүн маанилүү чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга көмөктөшүүчү эл каттоонун республика үчүн маанисин баса белгиледи. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл каттоону жүргүзүүнүн бардык этаптарында ага активдүү катышууну камсыздай турганына ишеним билдирип, Эл жана турак-жай каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук комиссиянын алдындагы чоң максаттарды айта кетти.

Өз кезегинде шаар башчылар, район акимдери Эл каттоого көрүп жаткан даярдыктары боюнча маалымат беришти, ошондой эле жыйындын катышуучулары аймактагы эл каттоого даярдык көрүү боюнча аткарылган иштерге токтолуп, ошондой эле эл каттоочулардын коопсуздугун камсыздоо, аларды керектүү ресурстар, материалдар жана иштөө үчүн шарттар менен камсыз кылуу боюнча бир катар маселелерге токтолушту.