Улутстаткомитети азыркы мезгилде эл каттого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча эч кандай иш-чараларды жүргүзүүнү пландаган эместигин расмий түрдө билдирет

Июнь 1, 2020

Социалдык тармактарда "Бишкектин медиктери үймө-үй кыдырып жана калкты каттоо менен алектенишүүдө"деген маалымат пайда болду.
Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомуна ылайык, Улутстатком эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралу маалымдамакчы. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган.
Жогоруда келтирилгендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чараларды жүргүзбөгөндүгү тууралу расмий түрдө билдирет. 
Так маалымат алуу үчүн (0312) 32-53-36; (0312) 62-56-57 телефондоруна же Улутстаткомго жана жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.