ЭлКаттоо жөнүндө

ЭлКаттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2022-жылы эл жана туракжай фондун каттоого даярдык көрүү боюнча кыскача маалымат

Мобилдик тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын февраль айында 2020-жылы эл каттоону электрондук форматта өткөрүү маселеси коюлган.

Ушул максаттарда, Улутстатком кагаз түрүндөгү суроолор тизмегин электрондукка которуу үчүн каттоо материалдары IT-адистери тарабынан көнүктүрүлгөн, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан “Survey Solutions” (Сорвей Солюшнс) тиркемесинин базасындагы программалык продуктту колдонгон.

Биринчи жолу ушул мобилдик тиркеме Чүй облусундагы Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймактарында эл жана турак жай фондун сынамык (пилоттук) каттоо учурунда офлайн режиминде тестирлөөдөн өткөрүлгөн. 2019-жылдын июль айында мобилдик тиркемелер кайрадан толукталып иштелип чыккандан кийин, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл аймагында жана 2019-жылы ноябрь айында Ош шаарында тестирлөөдөн өткөрүлдү.

Коопсуздук жана калктын жеке маалыматтарын коргоо максатында, тиркеме ачык жеткиликтүү каражаттардда жок. Тиркемелерди Улутстаткомдун серверинен каттоочулардын Android 5.0 жана андан жогору версиялары бар жеке уюлдук телефонуна же планшетке орнотулат. Ар бир каттоочунун мобилдик тиркемеге кирүү үчүн өзүнүн логини жана сыр сөзү болот. Мобилдик тиркеме on-line жана off-line режиминде иштейт. Ошондой эле мобилдик колдонмо эки тилде иштелип чыккан: мамлекеттик жана расмий тилдерде. 

«Каттоочуну каттоо» АИС

2022-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө, убактылуу каттоо кызматкерлерин каттоо боюнча автоматташтырылган жаңы ыкманы киргизүү пландаштырылууда. Эмгек келишимин түзүү учурунда убактылуу каттоо кызматкерлеринин макулдугу менен маалыматтар киргизилип жана автоматтык түрдө маалыматтар базасы түзүлөт, анын негизинде ага күбөлүк берилет бул мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Акыркы каттоо учурунда бул иш кол менен жазуу түрүндө жүргүзүлгөн.
“Каттоочуну каттоо” АИСде убактылуу каттоо персоналынын эмгек келишимдерин жана күбөлүктөрүн андан ары басып чыгаруу үчүн каттоо персоналынына тиешелүү маалыматтар жана сүрөттөрү киргизилет.  

Коопсуздук жана каттоочунун күбөлүгүнүн аныктыгын күбөлөндүрүү максатында ар бир каттоочунун күбөлүгүндө уникалду QR-коду (кю ар код/ штрих код) болот. Жооп берип жаткан адам (респондент) үйүнө алдамчы эмес чыныгы каттоочу келгенин тактоо үчүн, өздөрүнүн уюлдук телефону аркылуу каттоочунун күбөлүгүндөгү QR-кодту сканерден өткөзүп, каттоочу жөнүндө маалымат алууга болот. Скандоо жүргүзүлгөндөн кийин уюлдук телефондун экранында УСКнын серверине шилтеме (ссылка) пайда болот, анда каттоочу боюнча маалымат: анын сүрөтү жана фамилиясы, аты жана атасынын аты жайгаштырылган. Бирок ушул эле учурда жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо максатында аты жөнүнүн тамгаларынын кайсы бир бөлүгү жабык болот. QR-кодунун үстүнө мөөр коюлбай турганын эске алуу керек.

Каттоочулар жана  инструктор-контролер үчүн байланыш

Мобилдик аппараттардын Улутстаткомдун борбордук сервери менен «Альфа-Телеком» ЖАК (Megacom) менен байланыш каналы аркылуу байланышын уюштуруу үчүн туруктуу, жабык, коопсуз, глобалдык интернетке чыкпай турган 3G/4G LTE чеги жок байланыш ылдамдыгын колдонуу менен трафикке чек коюлган эмес, ошондой эле SMS кызматына мүмкүнчүлгук чектелген канал түзүлгөн. Демек, алгачкы жана конфиденциалдуу маалыматтарды коргоо максатында бир гана Улутстаткомдун борбордук сервери менен жабык канал түзүлгөн.

Ар бир каттоочуга сим-карта берилет. Жумуш күнүндө каттоочуга ыңгайлуу болгон учурунда кол менен толтурулган суроо-тизмектери Улутстаткомдун база сервери менен синхрондоштурулат.

Каттоочулар тарабынан киргизилген маалыматтардын сапатын текшерүү жана контролдоо максатында инструктор-контролер үчүн ноутбук жана 4G модемин колдонуусу менен, каттоочулар да туташкан коопсуз тармагынын базасына кирүү уюштурулган. Инструктор-контролер логикалык каталарды текшерип жана түшүнүктөрдү жазуу менен кайрадан каттоочуга жиберет. Демек суроо жыйнагына өзгөртүүлөрдү бир гана каттоочу киргизүүгө укуктуу.

Каттоо формаларынын аталыштары:

1-форма «Каттоо барагы  – Каттала турган адамдардын тизмеси».

Бул формага курулуштун даректик бөлүгү боюнча маалымат жана катталууга тийиш болгон адамдардын тизмеси киргизилет.

2-форма «Каттоо барагы  – Калк».

Бул формага каттоочу 1-формада жазылган ар бир адамга өз-өзүнчө түзүлөт. Бул формада төмөнкү маалыматтар чогултулат: демографиялык көрсөткүчтөрү (туугандык мамилелери, жынысы, туулган күнү, улуту, үй-бүлөлүк абалы, тилди билүүсү, миграция), билим берүү жана окутуу, функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши, жашоо-тиричилик каражаттарынын булагы, жумуштуулук жана жумушсуздук, заманбап байланыш каражаттарын пайдалануу.

3- форма «Каттоо барагы  – Турак жай фонду».

Төмөнкүдөй маалыматтар толтурулат: турак жай курулуштун мүнөздөмөсү, турак жайдын мүнөздөмөсү, жашоо үчүн пайдалануучу турак жайды жакшыртуунун түрлөрү (электр менен жабдуунун булактары, газды берүүнүн булактары, жылытуунун типтери, суу менен жабдуу тутуму, канализациялык тутум, ажааткана, таштандыны чыгаруу системасы) жана менчиктин формасы.

4- форма «Каттоо барагы – Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү».

Азыркы убакта 1 жыл жана андан ашык чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбаларынын мурдагы мүчөлөрүнө толтурулат. Эл каттоодо биринчи жолу пайдаланылып жатат. Бул формасындагы маалыматтарды статистикалык иштеп чыгуу өзүнчө негизги калктын саны боюнча маалыматтардан сырткары иштелип чыгат, жана мындагы маалыматтар өлкөнүн калкынын саны боюнча маалыматтарга кошулбайт. Натыйжада узакка жок болгон эмигранттар жөнүндө маалыматтардын базасы алынат. 

5-форма «Каттоо барагы – Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамаатык жашоочу мекемелерине убактылуу жашоого келгендер (жашагандар) ж.б»

Каттоонун датасында жамаатык жашоочу мекемелерде (мейманканаларда, конок үйлөрүндө, ооруканаларда, санаторияларда, эс алуу үйлөрүндө жана д.у.с.) ошондой эле башка типтеги мекемелерде (ооруканаларда, төрөт үйлөрүндө, аэропорттордо, бекеттерде ж. б.) болгондор жана бул жерде 1 жылдан аз жашагандарга толтурулат. Формада камтылган маалыматтар статистикалык иштеп чыгуунун жыйынтыктарында калктын накталай саны жөнүндө маалыматтарды алууда колдонулат.   

Эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүү мезгили

  • 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин каттоо электрондук форматта бүт өлкө боюнча бир учурда жүргүзүлөт;

  • Республиканын алыскы зооналарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2- майга чейин жүргүзүлөт.

Убактылуу каттоо персоналы

Убактылуу каттоо кызматкерлерине төмөндөгудөй талаптар коюлат:

  • жашы 18 жашта жана андан улуу болушу керек;

  • Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;

  • Аndroid 5.0 жана андан жогору версиялары бар жеке уюлдук телефону же планшети болушу керек;

  • сурамжылоо же каттоо иштерин жүргүзүү боюнча тажрыйбасы болушу керек 

 

Covid-19

Кыргыз Республикасында, ошондой эле бардык мамлекеттерде, каттоону өткөрүүгө карата чоң даярдык иштери өткөрүлгөн. Анын натыйжасында, 2020-жылдын башталышына карата каттоону 2020-жылы өткөрө турган өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтары аны аяктоо менен “түз финишке” чыгышты. Бирок, COVID-19 жайылышы жана КМШ катышуучу-мамлекеттеринин көпчүлүгүнө карантиндик чаралардын киргизилиши, каттоо кампанияларын өткөрүүдө олуттуу түзөтүүлөрдү киргизишти, ал эми эң биринчи кезекте, өткөрүү мөөнөттөрүн өзгөртүштү.

Учурдагы кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүнүн жүрүшүндө иш-аракеттердин алгоритми жөнүндө биргелешкен буйругун даярдады.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Германия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Калк жайгашуу жаатында БУУ Фонду (ЮНФПА) коронавирус инфекциясынын шарттарында Кыргыз Республикасында алдыда өткөрүлө турган эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө иш-аракеттердин алгоритминде каралган эрежелерге ылайык, убактылуу каттоо персоналы үчүн жеке коргонуу каражаттарын (беш катмарлуу KN95 респираторлор, чөнтөк антисептиктер, контактсыз термометрлер, калкандар) сатып алды.

Кыргыз Республикасындагы Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын кеңсеси (БУУ ЖКБК) калк, анын ичинде жарандыгы жок адамдар жана жарандыксыз калуу тобокелдиги бар жактар жөнүндө сапаттуу жана толук маалымат алууда Кыргыз Республикасын колдоо максатында каттоочулар үчүн 113,886 беш катмарлуу KN95 респираторлорун сатып алды